Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу «Курулушсертификаттоонун» республикалык борборунун көчмө лабораториялары жаңы салынып жаткан жолдордун сапатын керн алгыч КО-200 CT техникасы менен текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көчмө лабораториялардын бири Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүнүн Турдубаев көчөсүнөн Чаначев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө текшерүү жүргүздү. Экинчи лаборатория Бишкек шаарындагы Ленин районунда жайгашкан Корсаков көчөсүндө, тактап айтканда Ала-Тоо көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки аралыктын сапатын текшерди.
Анализ жүргүзүү үчүн керектүү үлгүлөр алынып, алардын жыйынтыгы расмий протокол түрүндө таризделери маалым болду.

