Кыргызда “Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети” деген мааниси терең, таамай айтылган кеп бар. Өткөн жуманын аягында, тактап айтканда 10-июлда Илязбек Балташев жетектеген КРнын журналисттер союзу коомдук бирикмесинин жогорку деңгээлде уюштурулган иш-чарасына күбө болдум.
2025-жылдын 10-июлунда Түркия Республикасынын Анталия шаарынын журналисттер биримдигинин төрагасы, тажрыйбалуу медиа адис Идирис Таш КРнын журналисттер союзу коомдук бирикмесинин төрагасы Илязбек Балташевдин чакыруусу менен Бишкекке атайын иш сапар менен келди. Ошол эле күнү Идрис Таш мырза жана Балташев Илязбек Алтынбековичтин расмий жолугушуусу болду. Жолугушууга Түркиядан келген ТРТнын кабар директору Мухаммед Ахмет Өжал, Анталиядагы кыргыз айымдары коомдук бирикмесинин төрайымы Перизат Асанаалиева жана аттуу-баштуу журналисттер катышты. Жыйында журналистиканын чыйыр жолундагы күнгөй-тескейлер талкууланды. Андан соң эки өлкөнүн Журналисттер биримдигинин төрагалары кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Аталган документ эки өлкөнүн журналисттик уюмдарынын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү жана узак мөөнөттүү кызматташууну өркүндөтүүгө багытталган. Меморандумда журналисттер үчүн тажрыйба алмашуу, билим берүү программаларын ишке ашыруу, биргелешкен иш-чараларды, форумдарды, конференцияларды өткөрүү жана маалымат чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты тереңдетүү каралган. Кол коюу аземинен кийин тараптар эки өлкөнүн ЖМК өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөнүн маанисин белгилешип, келечектеги демилгелерди биргелешип ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти. Бул кызматташтык журналистиканын сапатын жогорулатууга, сөз эркиндигин жана кесиптик этиканы илгерилетүүгө багытталды. Башталган иштин аягы жакшы. Ийгиликтер арбын болсун! Баса, “жакшынын шарапаты” демекчи, бул жыйындын биринчи бөлүгүнүн соңунда өзүм да КРнын журналисттер союзу коомдук бирикмесинин мүчөлүгүнө №777-катар номери менен кабыл алындым. Кудайыма шүгүр.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Түркиянын медиа өкүлдөрү 7-каналдын кеңсесине барып, жаркыраган телестудия, илбериңки эмгек жамаат менен таанышып, баарлашууну улантты. Коноктор менен аталган каналдын кеңсесине баш багып, заманбап жабдыктар менен жабдылганына, журналисттерге түзүлгөн шарттарга күбө болуп көз кубанды. “Кары келсе ашка, жаш келсе ишке” демекчи, жаш жана иш билги жетекчи Илязбек Балташевдин телеканалына, эмгек жамаатына көргөн камкордугуна жогорку бааны берип, иштерине ийгиликтерди кааладык.
СЫЙЛУУ КОНОКТОР БИЗДЕ МЕЙМАНДА
11-июлда КРнын журналисттер союзу коомдук бирикмесинин төрагасы Илязбек Алтынбекович Түркиянын медиа өкүлдөрүнөн турган сыйлуу конокторду “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин иши менен тааныштырууга өбөлгөчү болуп редакциябызга келишти. Ал күнү гезитибиздин 448 беттүү атайын чыгарылышы даярдалып жаткандыктан келген коноктор ишибиздин кайнап турган учуруна күбө болушту. Журналисттерибиз Түркиянын тажрыйбалуу адистеринен кызыккан суроолоруна жооп алышып, чындыгында абдан кызыктуу баарлашуулар орун алды. Идирис Таш мырза мындан 4 жыл мурун Кыргызстанга келген экен. Ал ошол 4 жыл мурунку мезгилге салыштырмалуу учурда Кыргызстанда көзгө көрүнөөрлүк чоң-чоң ийгиликтер, жаңылануулар, өзгөрүүлөр орун алганын белгилеп, Өлкө жетекчилерибиздин жогорку деңгээлде иш алып барып жатканына ыраазы болду. Ошондой эле, өлкөбүздүн мындан да өсүп-өнүгүшүнө тилектештигин билдирди.
Идирис Таш мырзанын айтуусунда Түркияда журналист калкына тиешелүү журналисттердин кылымдан-кылымга сакталып келе жаткан музейи бар экен. Кызматташуунун алкагында ошол музейинин бир бурчунан “Эркин-Тоо” гезити үчүн да орун берээрин, мындан ары “Эркин-Тоого” тиешелүү буюмдар да ал жерде орун алаарын билдирип кубантты. Бул саамалыкты эки өлкөнүн Журналисттер биримдигинин төрагаларынын кызматташуу жөнүндө кол койгон меморандумунун алгачы жемиши жана жакшы жыйынтыкка карай багыты деп түшүнсөк болот. Бул биз үчүн чоң сыймык. Ушундай жакшы саамалыктарга шарт түзүп, көпүрө болгон КРнын журналисттер союзу коомдук бирикмесинин төрагасы Илязбек Балташевге алкыш. “Жакшы менен дос болсоң, ырыскысын тең бөлөт. Жаман менен дос болсоң, өзүнөн сени кем көрөт” деген кептин мааниси ушунда. Андыктан, Илязбек Алтынбековичке чын жүрөктөн өзүмдүн жана жалпы эмгек жамаатымдын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!
Меймандос касиеттүү элибиз илгертеден тааныган да, тааныбаган да адам үйүнө баш бакса нан ооз тийдирбестен чыгарчу эмес. Мындан улам ата салтын улай конокторубузга этно-фуршет даярдап, кыргыздын улуттук суусундугунун, тамак-ашынын түрлөрүнөн даам таттырганга аракеттендик. Бул иш-чара “Эркин-Тоонун” эмгек жамаатына дем-күч берди. Ошол себептен, мындай кызматташтык аркылуу журналистиканын сапаты жогорулап, байланыштар бекемделе беришине тилектешпиз.
Жазгүл КАРБОСОВА

