"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Чолпон-Атада ири туристтик кластердин курулушу башталууда

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында «Ала-Тоо Резорт» деп аталган сезондук туристтик кластердин курулушуна даярдык боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйынга бир катар министрликтердин жана тиешелүү ведомстволордун жетекчилери катышты.

Кеңешмеде долбоордун азыркы абалы жана алгачкы этаптардын ишке ашуусу боюнча маалымат берилди. Энергетика министри курортту энергия менен камсыздоо маселелерине токтолсо, курулуш жана транспорт тармактарынын жетекчилери жолдорду жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү пландары менен бөлүштү.

Маалым болгондой, кластердин негизги объекттеринин бири болгон асма жол 2026-жылдын жай айында пайдаланууга берилет. Ошондой эле, 2025-жылдын 15–18-июль күндөрү 49 лотту ачык аукцион аркылуу сатуу пландалууда. Аянттарда мейманканалар, VIP-коттедждер, этно-стилдеги таунхаустар, коомдук тамактануучу жайлар жана башка туристтик объекттер курулат.

Аукционго жергиликтүү жана чет элдик инвесторлордун катышуусу күтүлүүдө. Алар үчүн бул долбоор Борбор Азиядагы эң ири жана заманбап стандарттарга жооп берген туристтик кластердин бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк берет.

Садыр Жапаров кеңешменин соңунда бардык иштерди өз убагында жана толук каржылоо шартында жүргүзүү зарылдыгын баса белгилеп, даярдык иштеринде жана курулуш процесстеринде эч кандай кечигүү болбошу керектигин эскертти.