Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын базасында жаңы магниттик-резонанстык томография (МРТ) борбору ачылып, толук кандуу ишин баштады.
Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде ишке ашырылды. Ага “Шаньшуй Силк Роуд КейДжи” компаниясы, Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору, Саламаттык сактоо министрлиги жана Ош облустар аралык клиникалык ооруканасы биргелешип катышкан.
Иш 2023-жылдын декабрь айында башталып, имаратты капиталдык оңдоо, бөлмөлөрдү даярдоо, инженердик тармактарды жаңылоо жана заманбап медициналык жабдууларды орнотуу иштерин камтыды. Жыйынтыгында, борбор Кытайдын United Imaging Healthcare компаниясы чыгарган жаңы МРТ аппараты менен жабдылды.
Компания тарабынан бул долбоорго 1 миллион доллардан ашуун инвестиция салынган. Жаңы борбор жогорку сапаттагы жана так дарт аныктоону камсыздап, региондогу медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

