"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Ош мэри жетекчилерге: “Жан сакчысыз эле жүргүлө!”

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы жетекчилерге жан сакчысыз жүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал көчмө жыйын учурунда билдирди.

Ачык асман алдында өткөн жыйында мэр Ош базарынын жетекчиси жана автобекеттин башчысына кайрылып, жан сакчылар менен жүргөндү токтотууга чакырды.

«Чыңгыз, сен жанагыны токтотчу. Алды-артыңдан үч-төрт киши коштоп жүрөт. ‘Телактарыңды’ калтырчы. Сенде да, Нурланда да жан сакчы көп. Силерге ким тиймек эле? Же үч-төртөө коштоп жүргөн мода болуп калдыбы? Мына мен жан сакчысыз эле жүрөм. Сен болгону базардын жетекчисисиң, тигил — автобекеттин башчысы. Силерге ким тиет? Эч ким тийбейт!» — деди Токторбаев.

Мэрдин мындай билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Көпчүлүк бул чакырыкты колдоп, жетекчилер эл менен аралаш жашоого тийиш экенин белгилешти.