"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Кундуз Кокочорова: “МЕН ҮЧҮН АЛАЙДАЙ ЖЕРДИН КЫЗЫ БОЛУУ ТЕҢДЕШСИЗ СЫЙМЫК”

Ушу тапта мамлекетке, элге кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөткөн жаштардын, адалдан тапкан-тергенин көпчүлүк менен бөлүшкөн ишкерлердин өзүнчө бир үйүр тобу келе жатат. Келечекке үлгү көрсөтүп, көпчүлүккө үмүт жаратышып… Алардын катарында атактуу Алайдын тирикарак кызы Кундуз Кокочорова да бар. Эл оозуна алынып, жердештеринин арасында кадыры бийик, тектүү жердин кызынын соңку убактагы жүрүшү көпчүлүк тарабынан алкоого алынып жатканынан улам биз Кундуз айымды баарлашууга чакырдык.

— Кундуз айым, Ошту, айрыкча атактуу Алайды чексиз сүйүп, тоосу менен абасын, андагы атактуу тоолук элге, ата-бабаларыңыздын өмүр-таржымалын кастарлап, чын пейилден үзбөй сыйынганыңыздын себеби эмнеде? Кыргыздын “чыккан кыз чийден тышкары” деген сөзүн жаныңызга жакын жууткуңуз келбейби?..

— Мен Ош облусунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылында туулуп, балалыгымдын балдан таттуу башкача бир бүркүмү ушул аймакта өттү. Алай жеке мен үчүн өзгөчө энергиясы бар касиеттүү жер. Көп бала-бакыралуу үй-бүлөдө өскөн тоолук кызмын. Сөзүмдүн башында эле мактана кетейинчи, мен үчүн атактуу Алайдай жердин кызы болуу теңдешсиз сыймык. Мекенибиздин не деген залкарлары, кыйындары, кыргыздын алгачкы датка-бектери дал ушул куттуу аймактан канат күүлөп чыгышкан. А биз улуулардын баскан издери менен басып, өзүбүз да куттуу уябыздын архивине катталдык. Алай менен Сопу-Коргон менин көөдөнүмдү жакшылыкка толтуруп, жакшы адамдар менен тагдырлаш кылган, турмуштагы табылгам бала кезден сезимге сиңген, балалык жыттанган досторумду таптырган жер. Караанын көрүп, түздөнө турган агай-эжейлеримди, үлгү тутчу улуу-кичүү айылдаш-жердештеримди таптырган жер! Анан кантип мындай баалуу жерге мен сыйынбайм? Төркүндөрүмдүн алдымдан өткөн ит-мышыгы да көзүмө жакшы көрүнөт. Чын айтам! Андыктан, мен кичи мекенимди канчалык жазсам да сөз кылып түгөтө албасмын… Ушуга да каниет! Ооба, кыргызда “чыккан кыз чийден тышкары” деген кеп бар. Бирок, жан дүйнөмдөгү айылыма деген арзуум менен төркүндөрүмдөн кол үзбөй, керек болсо материалдык жактан ар убак көмөгүмдү көргөзүп, анын шылтоосу менен Алайга бат-баттан каттаганымдын сыры ушунда. Анткени ал жерде тоонун түбөлүк шамалы менен суугуна тотукпас, тоо жүрөк жердештериме биздин ата конушубузду ээнсиретпей, өмүр кечирип келе жатышкандыктары үчүн ар бирине баатырдыкты ыйгарса жарашат.

— Адатта сиз сыяктуу колунда бар, ишкерчиликтен ийгилик жараткан анча-мынча “токочтуулар” бийлик мунарасындагыларга, өткөн бийликтеги айрым “серый кардиналдарга”, алтургай уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө “кызмат кылышты”, тапкан “олжосунан бөлүшүштү” адат кылып алышканынан кабардарбыз. А сиз мындай топтогуларга эмес, “жону жука” катмардагыларга, муктаждарга, өзгөчө алайлыктардын “жеңилин жерден, оорун колдон алышты” максат кылган жүрүшүңүздү кандай түшүндүрөр
элеңиз?

— Мен бир беткей эле Алайга гана эмес, өлкөбүздүн баардык булуң-бурчтарындагы муктаждарга колумдан келген жардамды аягым келбейт. Өзгөчө элге жардам берүүмө 2020-жылдагы таажы ылаңы убагы (пандемия учурунда) көп жагынан шыкак берди. Ааламды каптаган аты жаман дарттын Кыргызстаныбызды кыйгап өтпөй, элибиздин башына оор мүшкүл түшкөнү жан дүйнөмдү жаралап, жүрөгүмдү оорутту. Ошол ирмемдерде борбор шаарыбыз Бишкектин ичинде шаардыктарга, өзгөчө сиз айткандай “жону жука”, муктаж катмардагыларга азык-түлүк, керектүү кем-карчтарын алып берип, өзүм да эркектерден кем калбай жеткирип, ташып жүрдүм. Ошондой оор күндөрдө кыргыздын көп кыздары бирикти. Элге-журтка колдон келишинче кызмат кылышты. Андай топто биздин “Алай Айымдары” кайрымдуулук коомунун кыздары да бар. Биздин топтогу кыздар да пандемия убагында кичи мекенибизге буга чейин жана ушул тапта дагы колдорунан келишинче, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн жетишинче Алай районунун социалдык, экономикалык жактан өсүшүнө, райондогу материалдык муктаж катмарга жардам берип келишет. Ал эми мындай жардамды биздин кайрымдуулук коомдогу кыздар жана жеке өзүм “эл көрсүнгө” салып же кандайдыр бир упай топтоо максатында кылбайбыз. Бардыгы Жараткандын ыраазычылыгы үчүн. Түптүү элибиздин “элге бергениң текке кетпейт” деген баалуулугу бар. Башкысы, Жараткан Кудайдын ыраазычылыгын алуу. Ушул жерден дагы бир окуя эсиме түшүүдө. 2007-жылы болсо керек, мага тааныш кытай аял машина сурап, “Токмок шаарына алып барып кел” — деп өтүнүп калды. Анын суранычын эки кылбай, автоунаам менен барсам көптөгөн кийим-кечек, азык-түлүктүн болгон түрүн унаама салып жөнөп калдык. Көрсөткөн дарекке барсак, ал жер интернат экен. Мени айдатып келген тааныш кытай жетим балдарга жардам берип, аларды башынан сылаганын көрүп, мен эмне жүрөм? – деп өзүмө-өзүм суроо берип, аябай уялып, намыстандым. Ошонун эртеси күнү дал ошол интернатка Бурул деген нарындык эже менен кайра жардам колун сунганга барып, ушул кезге чейин ал жактан кол үзбөйм. Кийин “Алай Айымдары” кайрымдуулук коому менен активдүү кол кабыш кылдык. Бул эми чети гана. Мунун баарын башта айтканымдай “кожо көрсүн” үчүн эмес, Жараткан Кудайдын ыраазычылыгы үчүн кылган иштерден. Ал эми сиздин жогорудагы сурооңузда айтылгандай бийлик мунарасындагыларга же уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө “отметка берип келгенсизби?” – дегендей собол узатыпсыз. Мен буга чейин жана мындан кийин да андай катмардагыларга бербейм. Берип да көргөн эмесмин.

— Кимдин кандай абалда экендигине карабай кол сунууга дилгирлик сапатыңызды кимден алдыңыз? Адатта бирди экиге кураган ишкерлер каражат чыгарышка келгенде “катуу”, жөнөкөй турмушта сарамжалдуу келип, топуктуулуктун, жупунулуктун үлгүсүн көрсөтүшчү эле…

— Бу жагы менин канымдан берилген сапат болсо керек. Аныгында үзүлүп түшүп деле сараңданып, айрым учурларда өтө деле битиреп, “битин сыгып, канын жалагым” келбейт. Ишкерчиликте алдыга, артка кеткен күндөр болот. Артымды көп карабайм, “алдыда жарык” деген алтын апамдын сөзү ар дайым жүрөгүмдө. Мен өзүмдү жакшы балага, жакшы ден-соолукка, жакшы бир тууганга, жакшы келин, жакшы күйөө балага, тарбиялаган балдарым жакшы чыкса, жакшы мамлекетке, жакшы элге бай болсом дейм. Ошондой жакшы ойлоруңа Жараткан да өзү жар болуп, жардамын берет. Көп маселеде сараңданбай, шар жүрөм! Балким, Кудай Таалам да ошондой пейил-ниетиме жараша берип жатабы деп
коем.

— Кыргызстандагы базар экономикасы ишкерчиликте сырттагы замандын күрөө тамырын кармай билген “таман акы, маңдай тери” менен бутуна турган ишкерлерди пайда кылды. Бүгүн мындай топтогулар менен мамлекет да эсептешет. Анан калса бул катмардагылардын көпчүлүгү миңдеген адамдардын сообуна калышууда. Ишкер муундун өкүлү болуп, карапайым калктын ажаатын ачкан айым катары мектепти, жогорку окуу жайын аяктап, ишкер болууну кыялданган миңдеген жаш улан-кыздарга кандай кеңештерди айтат элеңиз?..

— Азыркы жаштардын толкуну абдан мыкты. Биз союздун тарбиясын кан-жаныбызга сиңирип, улуу держава ыдыраган соң ишкерчиликке өттүк. Азыр жаштар башка. Барган сайын билимдүү, жаңы муундагы, жаңы формациядагы, прагматикалык деңгээлде ой жүгүрткөн жаңы замандагы жаштардын толкуну ишкерчиликте ийгилик жаратып жатышканын көрүп, сүйүнүп калам. Албетте, бизде бул жагынан практикалык жактан тажрыйба бар. Ишкерчиликте алдыга, айрым учурларда артка кетип жүрүп, бул жагынан кадимкидей такшалдык, сабак алдык, керек болсо азыр да алып жатабыз. Андыктан, ишкер болуп, материалдык жактан жакшы жашоону максат кылган жаштарыбызга ири алды терең билим алышын каалайт элем. Азыр дүйнө саат сайын эмес, мүнөт сайын өзгөрүүдө. Санариптик доор бүт тармакты өз кучагына алып келе жатат. Биздин жаштар мейли ишкер болсо да замандын мындай агымынан артта калбай, билим алып, көптөгөн тилдерди үйрөнүүлөрү керек. Терең билими бар, бир нече тилди билген жаштардын ишкерчиликке ык коюшу өздөрүнүн ишинин жүрүп турганы үчүн чоң олжо, асты утуш гана болот. Мен болочоктогу ишкерлерге ири алды ушундай кеңешимди айтаар элем.

Калыгул Бейшекеев