УКМК Билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы аракеттеринин алкагында Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде студенттерди мыйзамсыз кабыл алуу фактысын аныктады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым студенттердин сертификаты жок, ЖРТнын төмөнкү босого упайлары менен кабыл алынгандыгы белгилүү болгон. Мындан улам мекемелер аралык комиссиянын корутундусуна ылайык, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде бюджеттик формада окуган 12 студент окуудан чыгарылды.
Учурда бул боюнча тиешелүү кызмат адамдарынын жана башка жарандардын аралашуусу иликтенип жатат.

