Ош облусунун Араван районунда жайгашкан мурдагы мамлекеттик консерва заводу мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2,57 гектар жер аянты менен бирге консерва заводу атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү аныктоо жана кайра кайтаруу иштеринин алкагында мамлекетке өткөрүлдү.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, 2004-жылы бул объект муниципалдык кызматкерлер тарабынан мыйзам бузуу жолу менен жеке менчикке өткөрүлгөн. Алар жер тилкесин бөлүп, категориясын өзгөртпөстөн, жеке турак жай куруу үчүн сатууну көздөшкөн. Мындан улам соттун чечими менен түзүлгөн келишим жараксыз деп табылып, завод толугу менен мамлекетке кайтарылды.

