2025-жылдын 15-июлунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) алдамчылык фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын жараны, 1993-жылы туулган К.Ж.Ж. аттуу жаранды кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Ал шектүү Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын башчысы К.Туманбаев менен жакын мамиледе экенин айтып, «Көчмөн сити» турак-жай комплексинин 18-кварталынын курулушуна подряддык жумуштарды алууга көмөктөшөрүн убада кылып, жабырлануучудан 100 миң АКШ долларын алган.
УКМК билдиргендей, К.Ж.Ж.нын кеңсесинде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 60 миң АКШ доллары көлөмүндөгү жасалма акча жана Президенттин иш башкаруучусу К.Туманбаевге жазылган жалган жазуу түрүндөгү кайрылуулар табылып, далил зат катары алынган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) жана кошумча 233-беренеси (Акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Тергөө иштери улантылууда.

