"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ажымалиев: Димаш Кудайберген “Мейкин Азияга” гонарарсыз катышат

Казакстандык дүйнөлүк жылдыз, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген Ысык-Көлдө өтүп жаткан, “Мейкин Азия” эл аралык музыка фестивалына гонорарсыз катышат. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев билдирди.

Анын айтымында, Димаш Кудайбергендин чыгармачылык жолунда дал ушул “Мейкин Азия” фестивалы чоң роль ойногон. Ал биринчи ирет эл алдына дал ушул иш-чара аркылуу чыгып, чоң сахнага жол алган.

“Андыктан ал бул жолу фестивалга колдоо иретинде келип, өз өнөрүн тартуулайт,” — деди Ажымалиев.

Ошондой эле министрдин орун басары “Мейкин Азия” фестивалы жөн гана музыкалык сынак эмес, чыгармачылык демилгелерди колдоого жана эл аралык достукту чыңдоого багытталган кеңири аянтча экенин баса белгиледи.

Маалыматка ылайык, быйыл фестиваль Азия жана Европанын 25тен ашуун өлкөсүнөн келген таланттуу артисттердин жана белгилүү аткаруучулардын башын бириктирет.

Фестивалды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “Мейкин Азия” коомдук фонду биргелешип уюштурууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстан бул фестивалды Бүткүл дүйнөлүк музыкалык фестивалдар федерациясынын расмий тизмесине кошуу боюнча кайрылуу жасаган. Бул кадам өлкөнүн дүйнөлүк маданий мейкиндигиндеги активдүү катышуусуна жол ачары күтүлүүдө.

Бүгүн, 21-июльда “Мейкин Азия” фестивалынын 1-туру жыйынтыкталды.