Казакстандык дүйнө жүзүнө белгилүү ырчы Димаш Кудайберген Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Таланттуу ырчы учурда Ысык-Көлдө өтүп жаткан IV «Мейкин Азия» эл аралык фестивалына ардактуу конок катары чакырылган.
“Димаш Кудайберген 2013-жылы “Мейкин Азия” заманбап музыка фестивалынын биринчи баш байгесинин жеңүүчүсү болгон. Касиеттүү Ысык-Көлдөн өнөр жылдызы жарык жанган Димаш он эки жылдан кийин бул жерге алгачкы жолу кайтып келди”, — деп жазды Султан Раев.

