Президент Садыр Жапаров «Үй-бүлө кодексине» жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.
Жаңы жоболор кыргыз элинин каада-салтына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келген ысым ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Мыйзамда мурдагыдай эле «-ов/-ова» жана «-ович/-овна» сыяктуу орусча тектештирүү мүчөлөрүн колдонууга уруксат берилет. Ошол эле маалда жарандар үчүн башка бир катар варианттар да сунушталууда.
Мыйзамга ылайык эми жарандар төмөнкүдөй фамилияларды тандай алышат:
-
Фамилияга «уулу» же «кызы» сөздөрү кошулганда, атасынын аты (отчество) жазылбайт. Мисалы:
-
Касымбеков Бакыт Аскарбекович — Бакыт Аскарбек уулу же Бакыт Аскарбек
-
Касымбекова Бегайым Аскарбековна — Бегайым Аскарбек кызы же Бегайым Аскарбек
-
-
Фамилияны чоң атасынын атынан алып, ага мүчө улабастан колдонууга болот. Каалоочулар ага атасынын атын да кошо алышат. Мисалы:
-
Бакыт Касымбек, Касымбек Бакыт Аскарбек уулу
-
Бегайым Касымбек, Касымбек Бегайым Аскарбек кызы
-
-
Ошондой эле фамилияга «тегин» деген сөздү колдонуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Ага кошумча атасынын аты жана «уулу/кызы» мүчөлөрү да кошулушу мүмкүн. Мисалы:
-
Касымбек тегин Бакыт Аскарбек уулу
-
Касымбек тегин Бегайым Аскарбек кызы
-
Жаңы мыйзам жарандарга өз маданиятына ылайык фамилия тандоодо эркиндик берип, улуттук иденттүүлүктү сактоого өбөлгө түзөт.

