Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борборунун» аймагында өткөн «Мейкин Азия» IV эл аралык музыка фестивалы жыйынтыкталды. Ага Президент Садыр Жапаров жана Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух катышты.
Иш-чарада элге Монголиянын маданият өкүлдөрүнүн өз жеринин тарыхын чагылдырган концерттик программасы тартууланды. Аны менен катар дүйнөлүк жылдыз Димаш Кудайберген сахнада ырдап, домбрада кол ойнотуп, унутулгус көз ирмемдер жаралды. Димаш Кударгенге Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы ыйгарылды.
Фестивалда баш байгенин ээси аныкталып, Румыниядан келген Мария-Диана Стынчуляша Гран-прини жеңип алды.
Македония өлкөсүнүн катышуучусу Полина Тасева, Түркия Республикасынан келген Эже Ата жана Өзбекстандан келген Таджиев Тулкин 3-орунду ээледи.
Экинчи орунга Камир (Кыргызстан) жана Виталий Дроб (Беларусь Республикасы) ээ болушса, 1-орунду кыргыз аткаруучусу Урмат Сатыбалдиев алды.
Ошондой эле онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгында якутиялык Кирил Матвеев «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүктүү ырчысы» наамына ээ болду.