Бишкек шаарында 2024-2025-жылдардын жылытуу сезонуна карата даярдык кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Шаар мэри Айбек Жунушалиев “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасына караштуу бир катар жылуулук объектилеринин абалы менен таанышып чыкты.
Текшерүүнүн алкагында ал алгач 10-кичи райондогу откананын абалын көрүп чыкты. Учурда бул жерде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, кубаттуулугу 3 МВт жана 4 МВт болгон эки жаңы казан орнотулду.
Андан соң мэр «Жал-29» отканасында жүрүп жаткан оңдоо иштерин көрүп, учурда ал жерде ар бири 5 МВт кубаттуулуктагы эки газ казанын орнотуу иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, Жунушалиев «Бишкексельмаш» отканасын реконструкциялоо иштери менен таанышып, 2025-жылга карата ар бири 12 МВт кубаттуулуктагы 6 буу казанын орнотуу пландалып жатканын билдирди. Ал эми 2026–2027-жылдары жалпы кубаттуулугу 100,8 МВт болгон 8 газ турбина агрегатын орнотуу каралып жатат. 2027–2028-жылдары 108 МВт кубаттуулуктагы 9 казан жана 1,1 км жылуулук тармагын куруу пландалууда.
Мэриядан белгилешкендей, жаңы орнотулган жылуулук агрегаттары коңшу райондордун жашоочуларын туруктуу ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылууга шарт түзөт.
Иш сапардын жыйынтыгында шаар башчысы Отун-энергетика комплекси департаментинин директоруна “Бишкек ЖЭБ”, “Бишкекжылуулуктармагы” жана “Бишкекжылуулукэнерго” ишканаларынын кызматкерлери арасында тажрыйба алмашууну уюштуруу маселесин карап чыгууну тапшырды.
Мындан тышкары, кызматкерлерге коррупцияга каршы мыйзамдарды сактап, иштин ачык-айкындуулугун камсыздоону жана шаар тургундары үчүн жылытуу мезгилине сапаттуу даярдык көрүү милдетин белгиледи.

