"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бишкекте 793 айдоочу «кара тизмеге» киргизилди, мэр эреже бузууларга каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды

Бишкек шаардык мэриясында өткөн пландык кеңешменин жүрүшүндө коомдук транспорт тармагындагы айдоочулар боюнча кооптондурган маалыматтар айтылды. Анда белгилүү болгондой, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын курамындагы 793 айдоочу “кара тизмеге” киргизилген. Алардын ичинен 153ү — «ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсына тиешелүү.

Мэрия тараткан маалыматка ылайык, 404 айдоочу тартиптик жазага тартылган. Ал эми 2025-жылдын 20-июлунда №216 маршруттун айдоочусунун жол эрежесин одоно бузганы үчүн ага карата катуу чаралар көрүлүп, тиешелүү берене менен кызматынан бошотулган.

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев коомдук транспорттун сапатын жакшыртуу максатында рейддик текшерүүлөрдү күчөтүүнү, айдоочулардын жол эрежелерин сактоосун көзөмөлдөөнү жана накталай эмес төлөм системасына толук өтүү планын аткарууну тапшырды.

Ошондой эле жол эрежелеринин бузулушун каттап, көзөмөл жүргүзгөн адистерге стимул берүү маселеси караларын кошумчалады.

Мындан сырткары, “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасына “Акылдуу аялдама” системасын орнотуу иштерин ыкчамдатуу милдети жүктөлдү.