Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында эл аралык стандарттарга жооп берген спорт комплекси курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Министрликтин маалыматына караганда, 2024-жылы республикалык бюджеттин каражаты менен башталган объект эки кабаттуу болуп, жалпы аянты 993 чарчы метрди түзөт.
Министр Нурдан Орунтаев күн мурун спорт комплекстин курулуш иштери менен жеринен таанышып, иштердин жүрүшүнө баа берди.
Азыркы тапта курулуш иштери 55 пайызга бүткөрүлдү. Комплекс ишке берилген соң айыл жаштарынын машыгуу жана спорт менен алектенүүсү үчүн кеңири мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

