Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Бишкектеги ооруканалардын шаардын сыртына көчүрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу 23-июль күнү Эне-баланы коргоо улуттук борборунун оңдоп-түзөтүүдөн өткөндөн кийинки абалын көрүү үчүн барганда айтты.
“Азыр биз медициналык шаарчанын курулушун баштап жатабыз. Ооруканалардын баары Көк-Жарга көчүрүлөт”, – деди Туманбаев.

