Бишкекте жайгашкан “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” заводуна Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов барды. Сапардын жүрүшүндө ал ишкананын өндүрүш процесси, суусундуктарды бөтөлкөгө куюу жана маркалоо этаптары менен таанышып, заводдун келечектеги пландары тууралуу маалымат алды.
Компания өкүлдөрү мекеменин ишмердүүлүгү, өндүрүштөгү санитардык-гигиеналык талаптар жана эл аралык стандарттар боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
«Биздин максат — мындай ири ишканалардын керектөөчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү иш алып барышын коомчулукка түшүндүрүү. Бул завод жогорку стандарттарга жооп берип, сапаттуу продукция чыгарып жаткан ишканалардын бири», — деди Шыкмаматов.
Салык кызматынын башчысы алкоголсуз суусундуктарды акциздик маркалар менен маркалоо боюнча талаптардын аткарылышына көңүл бурду. Ал жарандарды суусундуктарды сатып алууда жасалма продукциядан сак болууга чакырып, оригиналдуу капкак жана чыныгы акциздик маркага көңүл бурууну сунуштады.
Анын айтымында, акциздик маркалардын сапатын жакшыртуу жана тиешелүү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

