Акыркы бир жыл ичинде Кытай парламентинин төрагасы Борбор Азиядан болгону эки мамлекетке Кыргыз Республикасы менен Өзбекстанга гана расмий визит жасады. Бул тууралуу УТРКнын маалымат боюнча башкы директордун орун басары Улан Сатиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
«Кытай дүйнөлүк деңгээлдеги экономикалык жана геосаясий лидер экени талашсыз. Азыр глобалдык туруксуздук күчөп турган маалда мындай державалар менен ишенимге негизделген байланыш түзүү ар бир мамлекеттин колунан келбейт экен. Акыркы бир жыл ичинде Кытай парламентинин төрагасы Борбор Азиядан болгону эки мамлекетке Кыргыз Республикасы менен Өзбекстанга гана расмий визит жасады. Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин аймактык туруктуулукту бекемдөөчү, стратегиялык тышкы саясаты натыйжа берип жатат десек туура болот.
Бүгүн дүйнөдө көп векторлуу, тең салмактуу саясат жүргүзүү зарылчылыгы күчөп турат. Мындай шартта Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан бир регионалдык кызыкчылыктарды коргоо, биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү жана Борбор Азиядагы тынчтыкты сактоо боюнча жанаша кадам таштап келе жатканы мыкты көрүнүш», – деп жазды Улан Сатиев.

