Саламаттык сактоо министрлиги жайкы эс алуу маалында чагуучу курт-кумурскалар аркылуу жугуучу ооруларга, атап айтканда, трансмиссивдүү инфекцияларга көңүл бурууга чакырууда.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жолборс чиркейлери аркылуу жугуучу вирустардын ички учурлары азырынча каттала элек. Бирок 2020–2024-жылдары безгек илдетинин 11 учуру катталган жана алардын баары чет өлкөдөн келген.
Көптөгөн өлкөлөрдү кооптонтуп жаткан трансмиссивдүү оорулардын бири – чикунгунья вирусу. Бул жугуштуу илдет негизинен Aedes albopictus (азиялык жолборс чиркей) жана Aedes aegypti чиркейлери аркылуу жугат. Оору дененин табын жогорулатып, муундарды катуу оорутуп жана денеге бүдүрчөлөрдүн чыгышы менен коштолот. Айрым учурларда муун оорулары бир нече айга, кээде бир нече жылга чейин уланышы мүмкүн.
Министрлик эндемикалык аймактарга — Африка, Түштүк Азия жана Түштүк Америка өлкөлөрүнө сапарга чыгууну пландагандарга төмөнкү сунуштарды берет:
-
Безгекти алдын алуучу дары-дармектерди дарыгердин көзөмөлү менен ичүү;
-
Репеллент колдонуу жана жабык кийим кийүү;
-
Чиркей торунун астында уктоо, суунун топтолушуна жол бербөө;
-
Оору белгилери пайда болсо, дароо дарыгерге кайрылуу жана акыркы сапарыңыз тууралуу маалымдоо.
Адистер тиешелүү чараларды көрүү менен оорулардын алдын алууга мүмкүн экенин эскертишет.

