Бүгүн, 25-июль күнү, Нарын шаарында Инновациялык креативдүү демилгелер борборунун курулушуна капсула салуу аземи өттү. Салтанатка Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жана Курулуш министри Нурдан Орунтаев катышты.
Борбор маданий мурастарды сактоого, заманбап искусствону өнүктүрүүгө жана жаштардын чыгармачыл дараметин колдоого багытталат. Ошондой эле ал технология, билим берүү жана коомдук ишмердүүлүктү камтыган көп тармактуу платформа болот.


