Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 27-июль күнү өлкө аймагында жалпы 22 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө 22 күжүрмөн эсеп тартылды.
Өрт кырсыктарынын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:
-
Бишкек шаарында – 4,
-
Ош шаарында – 2,
-
Ош облусунда – 3,
-
Чүй облусунда – 7,
-
Жалал-Абад облусунда – 4,
-
Ысык-Көл облусунда – 1,
-
Баткен облусунда – 1.
Тилсиз жоону өчүрүү үчүн куткаруу кызматтары тарабынан 2 жолу ыкчам чыгуу болду.

