"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ысык-Көлдө Токтогул ГЭСинен да кубаттуу күн электр станциясы курулат

Ысык-Көл облусунда 1,9 миң мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.

Долбоор Тору-Айгыр айыл аймагындагы Кызыл-Өрүк айылында жайгашып, 2027-жылы толук ишке кирүүсү күтүлүүдө.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев ОсОО «РЭЦАнын» директору Чан Тхи Нгок Чау жана Rox Energy Global компаниясынын жетекчиси Нгуен Зуи Бинь менен жолугушуп, жер тилкесин берүү, электр тармагына туташтыруу, мамлекеттик колдоо жана курулуштун баскычтарын талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен ОсОО «РЭЦА» – Rox Energy Global компаниясы ортосунда Инвестициялык келишимге кол коюлду. Кол коюу аземине министр Таалайбек Ибраев, Чан Тхи Нгок Чау жана Нгуен Зуи Бинь катышты.

Бул станциянын кубаттуулугу Токтогул ГЭСинин кубаттуулугунан да жогору болот. Учурда Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1,44 миң мегаваттка жетет.