Жакында Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасына кыска-нуска билдирүү чыгарып, “Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт. Ошондуктан азыртадан оңолгула. Биздин убагыбызда мамлекеттин акчасын уурдоо деген болбош керек” деген сөз жазды. Ага чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аймактарда өткөргөн жыйындарда бир топ алкымы булганган, колу таза эмес чиновниктерди элдин көзүнчө темир торго киргизгенин көргөнбүз. Жогорку бийлик тарабынан жасалып жаткан бул иш-аракеттер жемкорлукту токтотууга жасалган чоң коңгуроо болду десек жаңылышпайбыз. Аткаминерлердин баары эсине келиши керек.
Кызматтагы ар бир адам мамлекет үчүн эмгек кылып, кыпындай дагы кыянаттыкка барбай турган аң-сезимди калыптандыруучу мезгилге жеттик. Ооба, буга чейинки жетекчилер жемкорлукту кадимки көрүнүшкө айландырып кетишкен. Түндүгүбүздү көтөрүп, өз арабабызды өзүбүз кылдырата баштаган мезгилден бери карай мамлекетибиз коррупциянын сазына батып калганын эч ким жокко чыгара албайт. Элдин аң-сезими ушунчалык бузулган экен, эптеп кызматка жеткени эле тырмагын матырып, кызарган жерди кырып кетүүнү максат кылып жатышат. Эгер ошол жол менен кете берсек, мамлекеттүүлүк жок болот. Акыры барып эгемендүүлүктөн айрылабыз. Негизи, биз ошол жерге жетип эле калган элек. Сырттагы саясий аналитиктер экиге бөлүп, түштүгүн Өзбекстанга, түндүгүн Казакстанга бериш керек дешип, кадимкидей эле талкуулап калышкан. Бюджетибиз какшып, кечээ Сооронбай Жээнбековдун учурунда мамлекеттин карызын жабууга чамабыз жетпей калган болчу.
Асыресе, Атамбаевдин учурунан тарта карызды жабуу үчүн Кытайга кен байлыктарды берүү демилгелери көтөрүлө баштаган, Жетим-Тоо кени ошол маалда айтылган. Багыбыз бар экен, үчүнчү төңкөрүштөн кийин көчүбүз түзөлүп, арышыбыз арта баштады. Көптөгөн көйгөйлүү маселелер чечилип, анын катарында элибиздин көкөйүнө көк таштай тийген коррупция менен күрөш чечкиндүү түрдө жүрүп жатат. 2020-жылдан кийин кырдаал орду-түбү менен өзгөрдү. Президент Садыр Жапаровдон чечкиндүү тапшырма берилип, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аны кыйшаюусуз аткарып жатат. Башында көпчүлүк күмөн саноо менен карап, буга чейин үйүгүшүп алган жемкорлор менен кылмышкерлер эки досту дагы өздөрүнүн катарына кошуп алабы деп чочулап турушкан. Анткени, 30 жыл бою криминалдык чөйрө менен тамырлашкан көпөстөр бийлик башына келген жетекчилерди тез эле азгырып, өздөрүнүн торуна түшүрүп келишкен. “Кримтөбөл” Камчы Көлбаев баарын так түйүлтүп, канын сорчу. Ага чейин Рысбек Акматбаев баарын тизелетип, бүк түшүрүп келген. Бактыбызга жараша десек болот, бул сапар С.Жапаров менен К.Ташиев аларга тизе бүгүп, торуна түшүп берген жок. 30 жыл ичинде үйүлгөн элдин талабын аткарып, тизилип калган көйгөйлөрдү бир чекесинен чечип жатат.
Коррупция демекчи, “Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп”, бардыгын былгытып кеткен Аскар Акаев бир кезде: «Коррупция Ак Үйдүн жетинчи кабатына жетти, силерди Манастын арбагы урат» дегенин уккан элек. Тилекке каршы, жеп-ичкен жемкорлордун бирин да арбак урган жок. Өзү деле тастаңдап, эч нерсе болбогондой жүрөт. Негизи, ошол 30 жылдык тарыхтагы уурулуктун күнөөкөрлөрү бүт аныкталып, жазаланышы кажет. Бүгүн биз көрүп жатабыз, не деген элдин байлыгы тонолуп кеткен экен. Бир эле “Кумтөрдүн” алтыны боюнча экс-президенттерди, өкмөт жетекчилерин өмүр бою соттосо болот. Анткени, 28 жылда 420 тонна алтын чыгарылган экен, анын бир граммы да бизге калган эмес. Канадалыктардын “жең ичинен” берген акчасын жогорку эшалондогу жетекчилер гана эмес, саясатчымын дегендердин көбү, Жогорку Кеңешке депутат болгондордун дээрлик баары алып алышып, аларды коргоп, “Кумтөрдү” кайтарууга болбойт деп какшап келишкен. Бул элге, мамлекетке жасалган эң чоң кыянатчылык! Баарын бириктирип, жазага тарта турган маал келди.
Албетте, азыр иш кызуу жүрүп, кекиртеги таза эместер чоң-кичинесине карабай камалып жатат. 1 млрд сомдон бөлүнсө да иш жүрбөй, жалаң сол чөнтөккө солоп жаткан Токмок жана Кара-Балта шаарларынын мэрлери кармалды. Ошто бир катар чиновниктер жыйындын жүрүшүндө темир торго киргизилди. Биз буга чейин эле коррупциянын сазына батып калганыбызды билчүбүз, бирок бул окуялардан кийин биздин өлкөдө коррупция өтө тереңдеп кеткенин тастыктады. Өкүнүчтүүсү, ниети бузук аткаминерлер ушунчалык куу, айлакер, арамза болот экен, коррупциянын жаңы ыкмаларын, схемаларын ойлоп табышууда. Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын кылыгын буга мисал катары айтсак болот. Эл үчүн, шаар үчүн күйгөн адам болуп чапкыламыш этип, иш жүзүндө элдин эсебиндеги жерден чоң акчаларды тымызын жасап жүргөн экен, анын бети ачылып калды. Элдин алдында кылыгын мойнуна алып, жарандардан кечирим сурап, камалгандан кийин 3 миллион сомдой төлөп берди. Мамлекеттик кызматтагы адамдар мындай эки жүздүүлүктөн арылышы керек.
“Кыргызстан Элдик-демократиялык” партиясынын төрагасы, генерал Артур Медетбеков:
— Бийликтин коррупцияга каршы күрөшү өтө жакшы жүрүп жатат. Ушул багыттан тайбай, жемкорлорду аныктоодо бир күн дагы токтобой, аягына жетүү керек. Мен буга чейин айтып келгем, бүгүнкү бийликте дагы эки жол турган, бирөөсүн тандашы керек болчу. Азыркыдай күрөштү баштап же булар менен аралашып, коюн-колтук алышып кетиши керек болчу. Буга чейинки бийликке жеткендер экинчи жолду тандап, элдин талабын аткарбай биригип кетишкен. Эгер бүгүнкү бийликтегилер баягы эски өнөкөт менен камыр-жумур болуп кетишкенде эл чыдамак эмес, сөзсүз толкумак. Анткени, кыргыз эли адилетсиздикке чыдабайт. Ооба, кылмыштуулукка жана жемкорлукка каршы күрөш 2-3 жылдан кийин башталды дегендер бар, муну туура түшүнүү керек, биринчиден, азыркы бийликтин шарты болбоду. Экинчиден, команда жок эле, бийлик туруксуз болчу. Эми гана туруктуулук пайда болуп, чечкиндүү иштегенге шарт түзүлдү. Криминалдык, коррупциялык топтор саясий топтордон да катуу күчтөнүп, мамлекетте тополоң жасоо деңгээлине жеткенде күрөштү баштады.

Саясий илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаев:
— Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жемкорлорго каршы күрөштү өтө жогорку деңгээлде жүргүзүп жатат. Буга чейин кылмыштуу топторго каршы күрөш дагы чеберчилик менен ишке ашты. Жалпылап айтканда, коррупцияга жана криминалга каршы күрөштүн масштабын тарыхый деп тартынбай атоого татыктуу болуп калды. Негизи, коррупцияга, криминалга каршы иш жүргүзүү багытында бардык эле бийликтердин тушунда чоң-чоң убадалар берилип, лозунгдар, жалындуу сөздөр сүйлөнүп келген. Кээ бир Кудайдан жөө качкан саясий лидерлер бул көйгөйлөрдү партиясынын программасына киргизип, шайлоолордо тынбай сайрашчу. Бирок, алардын бири да Камчыбек Кыдыршаевичтей башын канжыгага байлап, чечкиндүү иштей алган эмес. Азыр көрүп жатабыз, биз жемкорлуктун сазына батып бүткөн экенбиз, күндө кармалып жатат. Мыйзамсыз менчиктешкен мүлктөр, жерлер, базарлар, дүкөндөр, пансионаттар, бала бакчалар кайтарылууда. Генералга баарыбыз ыраазы болушубуз керек.
Кылычбек Кудайбергенов

