"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жаңы гимн үчүн обон жаратуу боюнча сынак жарыяланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик гимндин текстинин жаңы редакциясына обон жазуу боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, гимндин тексти менен обонун жаңыртуу маселеси боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия 16-июндан 17-июлга чейин келип түшкөн 132 сунушту карап чыгып, алардын ичинен 5 текстти тандап алган.

Сынактын экинчи этабында композиторлор, музыканттар жана аткаруучулар дал ушул беш тексттин бирине ылайык обон жаратып, өз варианттарын сунуштай алышат. Музыкалык чыгармаларды кабыл алуу 8-сентябрга чейин уланат.

Комиссия эң мыкты 4 вариантты (текст жана обон) тандап, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтөт.

Сынакка катышуу үчүн обон жана башка материалдарды төмөнкү дарекке тапшыруу керек:

Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 8; Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги.