Дээрлик жыйырма жыл бою Ош шаарынын эс алуу багындагы убактылуу баш калкалоочу жайда жашап келген 67 жаштагы Гулбара Абдраевага шаардын мэри Жеңишбек Токторбаев эки бөлмөлүү батир берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Мэр Гулбара эне тууралуу кабардар болгондон кийин, жеке көзөмөлүнө алып, батирдин ачкычын тапшырып, уул-кыздары жана неберелери менен баарлашып, куттуктоо тилектерин айтты.
Гулбара Абдраева Ош шаарындагы Навои атындагы эс алуу багында тазалыкты кароочу болуп иштеп, жеке турак жайы болбогондуктан убактылуу жайда баш калкалап, каражат таап, бир уул, бир кызын жогорку билимдүү кылган.

