Кыргызстандык балбан Алхам Абдирасулов Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан U-17 дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча 55 килограмм салмакта алтын медалга ээ болду.
Алхам Абдирасулов алгач ирандык Амирреза Саеддиден 5:3 эсебинде үстөм чыкса, 1/8 финалда венгриялык Балинт Казиншини артыкчылык менен 9:0 эсебинде утту. Чейрек финалда Кытай спортчусу Цзунъяо Вуну 9:1 эсебинде, ал эми жарым финалда индиялык Адитья Гуптаны 6:5 эсебинде жеңди.
Финалдык беттеште Абдирасулов Казакстандын балбаны Нурали Аскар менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңишке жетишти.
Бул жетишкендик менен Алхам Абдирасулов грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпиону болгон бешинчи кыргыз балбаны болуп калды. Буга чейин мындай наамды Уран Калилов (1996), Акжол Махмудов (2016), Нуристан Суеркулов жана Раззак Бейшекеев (2021) алган.

