"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Камчаткада өтө катуу жер титирөө болду (видео)

Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда Камчатка жарым аралында магнитудасы 8,7ге жеткен күчтүү жер титирөө катталды. Анын 1952-жылдан берки эң кубаттуу зилзала болгондугу айтылууда.

Жер титирөөдөн кийин Россиянын Тынч океан аймагындагы жээк тилкелеринде, Камчатка, Курил аралдары, Япониянын чыгыш жээктери, Аляска, ошондой эле АКШнын Калифорния жана Орегон штаттарында цунами болуу коркунучу жаралды.

Биринчилерден болуп Батыш-Куриль аймагына цунаминин толкуну жетип, бир катар калктуу конуштарды жана деңиз азыктарын иштеткен ишканаларды каптап өткөнү кабарланууда. Учурда кооптуу аймактардагы калк эвакуацияланды.