Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Бишкекке келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташуунун бардык багыттары, аймактык жана эл аралык маселелер талкууланып, мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча кадамдар аныкталды.
Министрлер саясий мамилени жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруу үчүн биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экенин билдиришти. Ошондой эле БУУ, КМШ, ШКУ, ТМУ, ИКУ жана башка уюмдар алкагында кызматташуунун мааниси белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында 2025–2026-жылдарга карата кызматташуу программасы жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарына карата даярдык боюнча «Жол картасындагы» биргелешкен чаралар бекитилди.


