Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын балбандары Польшанын Варшава шаарында өтүп жаткан “Pytlasinski” эл аралык турниринен жалпы жонунан 7 медаль (3 алтын, 1 күмүш жана 3 коло) жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
🥇 Алтын медаль ээси болгон спортчулар:
-
Жоламан Шаршенбеков — 63 кг
-
Акыл Сулайманов — 60 кг
-
Акыйкат Күлжигит уулу — 55 кг
🥈 Күмүш медаль тагынган балбан:
-
Раззак Бейшекеев — 67 кг
🥉 Коло байгеге ээ болгон балбандар:
-
Асан Жанышов — 87 кг
-
Ырыскелди Максатбек уулу — 77 кг
-
Ырыскелди Хамзаев — 72 кг
Белгилей кетсек, аталган мелдеш Польшанын көрүнүктүү спортчусу Владислав Пытлясинскийдин элесине арналып, 30-июлда Варшавада башталган.



