"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Мурдагы депутаттар көмүр кенин басып алууга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Нарын облусундагы көмүр кенине лицензиясы бар компаниянын акцияларын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка ылайык, мурдагы Жогорку Кеңештин депутаттары Ж. уулу А. жана М.М. көмүр кенин иштетүүгө лицензиясы бар компаниянын ээсин коркутуп-үркүтүп, акцияларын тартып алууга аракет кылган.

Текшерүү учурунда жабырлануучунун жүйөлөрү тастыкталып, аталган адамдар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азырынча алардын толук аттары ачыктала элек.