"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кайсы оору менен ооруган адам камакка алынууга тийиш эмес?

Министрлер Кабинети камакка алууга болбой турган оорулардын жаңы тизмесин бекитти. Бул чечим Жазык-процессуалдык кодексинин 116-беренесине жана «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдын 43-беренесине ылайык кабыл алынды.

Мурдагы 2018-жылдагы №296 токтом өз күчүн жоготту. Жаңы тизмеге:

  • инсульт,
  • эпилепсия,
  • кант диабети,
  • узакка созулган жана өнөкөт психикалык оорулар,
  • ден соолукка коркунуч жараткан башка оор дарттар кирди.

Жаңы тизме Токтомго тиркеме катары жарыяланып, 15 күндөн кийин күчүнө кирет.