Бүгүн, 1-августта, Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп, ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева, депутаттар жана расмий меймандар катышты. Ошондой эле кадырлуу конок катары Өзбекстандын Курулуш министри Шерзод Хидоятов келди.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев куттуктоо сөзүндө бул маараке тармактын кылымдык тарыхын, жетишкендиктерин жана келечекке карата багыттарын белгилөөгө өбөлгө болгонун айтып, курулуш тармагы акыркы жылдары өнүүгүп бара жаткандыгын билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө көп жылдык эмгеги үчүн министрликтин бир катар кызматкерлери Министрлер Кабинетинин жана Жогорку Кеңештин ардак грамоталары менен сыйланды. Ошондой эле курулуш көргөзмөсү уюштурулду.
Маалыматта 1925-жылы түзүлгөн министрлик өлкөнүн инфратүзүмүнүн калыптанышына чоң салым кошуп, бардык аймактарда курулуш иштери активдүү жүрүп, социалдык жана стратегиялык мааниси бар жүздөгөн объекттер салынып жаткандыгы айтылды.

