2025-жылдын 1-августунда Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Казакстандын Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну кабыл алды.
Жолугушууда кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар өз ара кызыкчылыктар камтылган биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу маселесин карашты.
Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүү ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, бардык деңгээлдеги саясий диалогдун мазмундуу жана динамикалуу жүрүшү мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоого өбөлгө болуп жатканын айтты.
Садыр Жапаров бул жолугушуу Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга боло турган расмий сапарына даярдык көрүү жагынан маанилүү кадам экенин белгилеп, боордоштук алакаларды андан ары өнүктүрүүгө түрткү болоруна ишенимин билдирди.
Мурат Нуртлеу өз кезегинде Казакстандын Президентинин атынан салам айтып, мамлекет башчылары тарабынан коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге салам жолдоп, Мурат Нуртлеудун жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.