Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык оорукана толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин аталган мекемеге болгон иш сапары учурунда маалым болду.
Министрликтин маалыматына ылайык, сапардын алкагында адистердин эксперттик ишмердүүлүгүн жакшыртуу, жаңы мамлекеттик программаны даярдоо маселелерине көңүл бурулду. Ошондой эле оорукананын материалдык-техникалык базасын жаңыртуу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерин баштоо темасы талкууланды.
Учурда стационарда 319 бейтап дарыланып жатат, алардын ичинен 53ү соттун чечими менен дарыланууда.
Сапардын жыйынтыгында Эркин Чечейбаев ооруканада капиталдык оңдоо иштерин баштоо үчүн зарыл болгон техникалык жана финансылык эсептөөлөрдү кыска мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

