"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ала-Тоо аянтында Айкөл Манастын жаңы айкели ачылды

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында Айкөл Манастын жаңы айкелинин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, мамлекеттик, коомдук ишмерлер жана башкалар катышты.

Эдил Байсалов өз сөзүндө мамлекеттик жетекчиликтин тапшырмасы менен Ала-Тоо аянтында элдин акылмандыгынын, биримдик жана жаратмандык идеалынын символу болгон Манас бабанын жаңы эстелиги ачылып жаткандыгын билдирип, буларга токтолду:

«Урматтуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлер,

Кадырлуу аксакалдар жана меймандар,

Бишкек шаарыбыздын тургундары!

Ардактуу мекендештер!

Бүгүн – улутубуздун руханий дүйнөсүндө өзгөчө орун алган, тарыхый мааниси терең, жүрөк толкуткан улуу күн.

Бүгүн, мамлекеттик жетекчиликтин тапшырмасы менен, борбор калаабыз Бишкектин чок ортосунда — Ала-Тоо аянтыбызда элибиздин айкөл акылмандыгынын, биримдик жана жаратмандык идеалынын символу болгон Манас бабабыздын жаңы эстелик монументин ачып жатабыз.

Бул жөн гана архитектуралык чыгарма эмес. Бул — улуттук аң-сезимдин, тарыхый эс-тутумдун, эркиндикке болгон туруктуу умтулуубуздун жана биримдиктеги күчүбүздүн жаркын жышааны.

Манас – бул биздин өткөнүбүздүн да, келечегибиздин да аты. Ал — улуттук духтун түбөлүк тиреги, кыргыз болуунун маңызы.

Улуу эпоста айтылгандай:

«Айкөл Манас атабыз, чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган

Кулаалы таптап куш кылган

Курама жыйып журт кылган.

Атсыз келген чорого аркар туяк, жез билек, ат мыктысын мингизген.

Тонсуз келген чорого жакасы алтын жеңи жез, тон мыктысын кийгизген.

Үйсүз келген чорого алты канат ак өргө аземдеп жасап киргизген.

Айкөл Манас атабыз ар качандан бир качан айкөлдүгүн билгизген.»

Манас – бул тарых эмес, азыркы учур. Манас – бул былтыр эмес, бүгүн. Манас – бул ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашаган улуу сапаттардын – кайрат менен кыраакылыктын, кечиримдүүлүк менен адилеттиктин, айкөлдүк менен эркиндиктин жандуу образы.

Биздин мамлекет азыркы учурда улуттук иденттүүлүктү бекемдөө, адамдык капиталды өнүктүрүү, коомдук биримдикти сактоо жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн шарт түзүү саясатын жүргүзүүдө. Биз бул жолдо Манастын улуу осуятына таянабыз. Анткени ал осуят бүгүн да актуалдуу: бөлүнүү эмес — биригүү, кек эмес — кечирим, кылмыш эмес — адеп, бийлик эмес — кызмат!

Айкөл Манастын образы – бул мамлекетибиздин көп этностуу эли үчүн да үлгү. Президентбиз урматтуу Садыр Нургожо уулу Жапаровдун жарлыгы менен кабыл алынган Кыргыз жараны жөнүндө программасы — дал ушул Манастын курама журтун чогулткан идеясынын бүгүнкү уландысы. Бишкек — бул көп тилдүү, көп маданияттуу борбор, жана Манастын эстелиги этностор аралык ынтымактын да тиреги болуп калат деп ишенем.

Биз жаштарга, келечек муундарга — руханий бекемдикти, айкөлдүктү, мамлекетке болгон күйүмдүүлүктү үйрөтүшүбүз керек. Бул — улутту сактап, мамлекетти өнүктүрө гүлдөтө турган жалгыз жол.

Бул улуу ишти жүзөгө ашырууга дем берген жана колдогон мамлекет башчыбызга, Бишкек шаар мэриясына, маданият министрлигине, бардык мекемелерге, чыгармачыл жана курулушчу жамааттарга терең ыраазычылык билдирем. Айрыкча айкелдин автору скульптор Тамила Маматовага жана монументти тургузууга салым кошкон ар бир мекендешибизге, мамлекет жетекчилиги атынан таазим этем.

Урматтуу шаар тургундары, кымбаттуу коноктор!

Манастын айкөлдүгү — бул кыргыз элинин руханий байлыгы. Бул эстелик — келечек муунга сабак, бүгүнкү күнгө дем, эртеңкиге үмүт.

Жараткан элибизге кут берсин! Жерибизде дайым тынчтык, элибизде ынтымак, мамлекетибизде өнүгүү болсун. Ала-Тообуздун асманы дайым ачык болсун!» — деди Эдил Байсалов өз сөзүндө.