Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине» кол койду. Бул тууралуу Президенттин Администрациясы маалымдады.
Жаңы кодекс санарип мейкиндикте жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу, санарип экономикасын өнүктүрүү жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Кодексте төмөнкү негизги багыттар камтылган:
-
санарип чөйрөсүндө укуктук жөнгө салуунун негиздери;
-
мамлекеттик жана атайын жөнгө салуулар боюнча жоболор;
-
санарип мамилелердин катышуучулары жана алардын өз ара аракеттенүүсү;
-
санарип жана телекоммуникациялык сервистер, технологиялык тутумдар тууралуу жоболор;
-
санарип жана жеке дайындарды иштеп чыгуу тартиби;
-
жасалма интеллект системалары боюнча жоболор;
-
санарип мамилелердин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча нормалар.
Санарип кодекси 2025-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Ал расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.