"Эркин-Тоо"
Билим Жаңылыктар

ЖОЖдорго кабыл алуунун 4-туру башталды

Бүгүн, 4-августта, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга кабыл алуунун төртүнчү туру расмий түрдө башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Каттоо жараяны автоматташтырылган «Абитуриент online» маалыматтык системасы аркылуу жүрүп жатат. Төртүнчү турга катышууну каалаган талапкерлер 6-августка чейин каттоодон өтүүгө милдеттүү. Ал эми 7-августта жыйынтыктар жарыяланып, кабыл алууга сунушталган талапкерлердин тизмеси жарыяланат. Окууга кабыл алынган талапкерлер ошол эле күнү, саат 16:00гө чейин, окуу жайга тапшыруу тууралуу чечимин тастыкташы керек.

Министрликтин маалыматына караганда, быйыл мамлекеттин эсебинен 10 миңге жакын окуу гранты бөлүнгөн. Жалпы кабыл алуу беш тур менен өтүүдө. Акыркы, бешинчи тур 11–13-август күндөрүнө белгиленген.

Маалым болгондой, өткөн үч турдун жыйынтыгында 25 миңге жакын абитуриент жогорку окуу жайларга кабыл алынып, алардын 6 миңден ашууну мамлекеттик гранттын негизинде билим алмакчы.