"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

«Рух санат» фестивалынын баш байгесинин жеңүүчүсү аныкталды

Үстүбүздөгү жылдын 1–2-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда өткөн “Рух Санат” эл аралык этномузыкалык сынагы дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн келген 82 катышуучуну — жеке аткаруучуларды жана чыгармачыл топторду бириктирди. Сынакта музыкалык мурасты чагылдыруу, салттуу аткаруучулукту сактоо жана сахна чеберчилиги бааланды.

Кыргызстандын атынан сынакка үч жеке ырчы жана үч чыгармачыл топ катышып, улуттук музыкалык мурастын көркүн ачышты. Алардын ичинен «Акак» комузчулар ансамбли баш байгеге ээ болуп, 500 миң сомдук акчалай сыйлык менен сыйланды.

Калыстар тобунун чечими менен сынактын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

🔸 Жеке аткаруучулар (1-орун): Донгак Найдан (Россия), Салтанат Кайрат кызы (Казакстан)
🔸 Чыгармачыл топтор (1-орун): “Хараача” (Россия), “Тенгри Саз” (Казакстан)
🔸 Жеке аткаруучулар (2-орун): Муминова Гузал (Өзбекстан), Мелисбекова Чолпон (Кыргызстан)
🔸 Топтор (2-орун): “Кербез” ансамбли (Кыргызстан), “Dibbo Gyaani” (Бангладеш)
🔸 Жеке аткаруучулар (3-орун): Султанбеков Кутманаалы, Акматбек Султан (экөө тең — Кыргызстан), Холхуджаев Шухрат (Өзбекстан)
🔸 Топтор (3-орун): Индия, Корея жана Япониядан келген үч чыгармачыл жамаат

Мындан тышкары, Венгрия, Польша жана Казакстандан келген айрым ансамблдер салттуу музыкага өзгөчө мамилеси үчүн атайын дипломдор менен сыйланышты. Бардык катышуучуларга фестивалга катышканын тастыктаган диплом тапшырылды.

Сынактын жалпы байге фонду 3 миллион сомду түздү. Калыстар тобу музыкалык чыгармалардын аутенттүүлүгүн, аткаруу чеберчилигин, салтка берилгендикти жана сахна маданиятын эске алып баа беришти.

Фестивалдын финалдык концерти жана жабылыш аземи 3-августта өтүп, ага эл аралык коноктор, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле эл аралык жана жергиликтүү көрүүчүлөр күбө болушту. Салтанат түз эфирде көрсөтүлдү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдиргендей, “Рух Санат” фестивалы эми ар эки жылда бир уюштурулуп турат. Кийинки иш-чара 2027-жылы Жалал-Абад шаарында өтүп, этникалык бий темасына арналат.