"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Миграция

ТИМ: Россиядагы жарандар укуктук макамын жөнгө салышы керек

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россияда жүргөн кыргызстандык жарандарды 2025-жылдын 10-сентябрына чейин өздөрүнүн укуктук статусун мыйзам чегинде жөнгө салууга чакырды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатат. Жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жолугушуулар уюштурулуп, маалыматтык роликтер жана тиешелүү материалдар таратылып жатат. Бул иштерди күчөтүү максатында Кыргызстандагы борбордук аппараттан кошумча кызматкерлер да жиберилген.

Белгилей кетсек, Россияда мигранттар үчүн жүрүү тартибин жөнгө салуучу жаңы жоболор быйыл жыл башында күчүнө кириши керек болчу. Бирок россиялык тарап аталган талаптардын аткарылышы үчүн мөөнөттү 10-сентябрга чейин узарткан.