"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

ӨКМ кондиционерди колдонуу боюнча кеңеш берди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жайдын аптабында кеңири колдонулуучу кондиционерлерге этият мамиле жасоого чакырууда. Адистердин айтымында, кондиционерди туура эмес орнотуу же иштетүү өрттүн чыгышына себеп болушу мүмкүн.

Министрлик элге кондиционер колдонууда төмөнкүдөй коопсуздук эрежелерин сактоону сунуштайт:

🔹 Кесипкөй адистерге орноттуруңуз. Туура эмес орнотулган жабдуу техникалык мүчүлүштүктөргө жана кооптуу кырдаалдарга алып келиши мүмкүн.

🔹 Желдетүүчү түтүктөрдү тоспоңуз. Кондиционердин сыртындагы блокту чүпүрөк же башка күйүүчү материалдар менен жабууга болбойт.

🔹 Тышкы блоктун тегерегине от алуучу буюмдарды койбоңуз. Ысык аба бөлүп чыгарган блоктун үстүнө кийим же башка буюмдарды жаап кургатуу да кооптуу.

🔹 Зымдардын абалына көңүл буруңуз. Аппарат бөлмөдөгү электр зымдарынын кубаттуулугуна шайкеш келиши зарыл. Зымдар өтө катуу тартылган же жабык болбошу керек. Кондиционер түз розеткага туташтырылышы шарт.

🔹 Чыпканы убагында тазалаңыз. Аппараттагы атайын чыпка (фильтр) айына жок дегенде бир жолу тазаланышы керек.

🔹 Кондиционерди узак убакытка иштетпеңиз. Ар 1,5–2 саат сайын өчүрүп туруу сунушталат. Түнү бою күйгүзүп коюу да ден соолукка жана жабдуунун иштешине терс таасир этет.

ӨКМ жарандарды ушул эрежелерди сактоого чакырып, кондиционерлерди өз алдынча оңдоодон жана коопсуздук талаптарын көз жаздымда калтыруудан карманууга үндөдү.