Кыргызстандын аймагында 2025-жылдын 8-июлунан 3-августуна чейин өткөн рейддин жүрүшүндө жалпысынан 86 миң 264 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Рейд учурунда:
-
Мас абалында унаа айдаган 1185 айдоочу;
-
283 авто бейбаштык фактылары;
-
Каршы тилкеге чыккан 1753 учур;
-
Керектүү документтери жок унаа айдаган 326 жаран;
-
Унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан 533 жаран аныкталды.
Андан тышкары, эрежени одоно бузгандыгы үчүн 6 555 автоунаа айып короого токтотулду.

