Кыргызстандыктар эми өздөрү төлөгөн салыктардын кандай максаттарга жумшалып жатканын онлайн түрдө көрө алышат. Бул үчүн Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык сервис” мамлекеттик мекемеси атайын интерактивдүү платформаны иштеп чыккан.
Мекеменин маалыматына ылайык, жарандын https://my.salyk.kg сайтына кирип, аты-жөнүн жана төлөгөн салыктын суммасын көрсөткөнү жетиштүү. Андан соң система ошол каражаттардын кайсы тармактарга багытталганын чыгарып берет. Мисалы, социалдык жөлөкпулдарды төлөө, тез жардам унааларын сатып алуу, бала бакча же жол куруу сыяктуу багыттар боюнча маалымат берилет.
Салык кызматы жарандарды бул кызматты пайдаланып көрүүгө жана таасирлерин социалдык тармактарда бөлүшүүгө чакырууда. Мекеме билдиргендей, бул долбоор салыктарды пайдалануудагы ачыктыкты жогорулатууга көмөктөшөт.

