"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Аскер кызматкерлерине жаңы үй берилет

Кечээ, 5-августта Бишкек шаарында Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун аскер шаарчасында аскер кызматкерлери үчүн жаңы турак жайдын курулушуна капсула салуу аземи өттү. Иш-чарага Коргоо министри Руслан Мукамбетов, Бишкек гарнизонунун жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, турак жай заманбап курулуш стандарттарына ылайык курулуп, аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн ыңгайлуу жашоосу үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалат.

Объекттин 2026-жылы толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилери пландалууда.