"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстанда болгон жер титирөө кайсы аймактарда канча баллга чейин жетти?

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда 5-август күнү катталган зилзала бир нече шаарда байкалган.

Жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынан 50 чакырым Түндүк-Батышта, ал эми Токтогул шаарынан 63 чакырым Түштүк-Батышта жайгашкан.

Институт кабарлагандай, жер титирөө:

  • Майлуу-Суу шаарында — 5 балл,

  • Жалал-Абад шаарында — 4 балл,

  • Токтогул шаарында — 3,5 балл,

  • Бишкек шаарында — 2,5 баллга чейин сезилген.