Президент Садыр Жапаров 6-августта Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушуу учурунда мамлекет башчысы республика боюнча турак жай курулушу жигердүү жүрүп жатканын белгиледи.
Президенттин айтымында, 2025-жылдын 8-августунда Каракол шаарында жаңы курулган көп кабаттуу турак үйлөрдөгү 450 батирдин ачкычтарын тапшыруу аземи өтөт.