"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Камчаткада 41 жолу жер титиреди

Камчатка жарым аралында жер титирөөлөр уланууда. Акыркы 24 сааттын ичинде жалпысынан 41 жер титирөө катталды.

Маалыматка ылайык, алардын сегизи калктуу конуштарда болуп, 2–3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөлөрдүн күчү кээ бир учурларда 4 баллга жеткен.

Мындан тышкары, 2025-жылдын 30-июлунда Камчаткада 1952-жылдан бери эң күчтүү жер титирөө болгон. Анын магнитудасы 8,8 баллга жетип, силкинүү Түндүк Курил аралдарында да 8 баллга чейин сезилген.

Окуядан кийин Камчатка жана Түндүк Курил райондорунда цунами коркунучу жарыяланып, өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Цунаминин төрт толкуну порт инфраструктурасына жана башка объектилерге жарым-жартылай зыян келтирген.

Камчаткадагы жер титирөөнүн кесепетинен Японияда бир адам каза болду