"Эркин-Тоо"
Билим Жаңылыктар

27 миң “Алтын казык” ноутбугу аймактарга жөнөтүлдү

Ата мекенде өндүрүлгөн 27 миң даана “Алтын казык” ноутбугу өлкөнүн аймактарына жеткирилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, жаңы окуу жылы башталганга чейин ноутбуктар STEM багытындагы предметтердин мугалимдерине педагогикалык кеңешмелерде тапшырылат.

Ноутбуктардын өзгөчөлүгү – атайын лицензияланган программалык камсыздоонун орнотулушу жана автоматтык түрдө жаңыртылып турушу. Компьютерлерде мугалимдердин күнүмдүк ишинде колдонулуучу программалар менен бирге методикалык колдонмолор да камтылган.