"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Владимир Путин менен Дональд Трамп жолугушат

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп жолугушат. Бул тууралуу Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин “РИА Новости” жазып чыкты.

“Америка тараптын демилгеси менен жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуу боюнча макулдашууга жетишилди. Тактап айтканда, бул — президент Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусу”, — деди Ушаков.

Анын айтымында учурда тараптар саммитке даярдык көрүү иштерине киришти. Жолугушуунун болжолдуу убактысы катары кийинки жума каралып жатат. Бирок даярдыктын качан аяктары азырынча белгисиз.