"Эркин-Тоо"
Спорт

Шахматчы Эдиса Бердибаева дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык жаш шахматчы Эдиса Бердибаева окуучу командалар арасындагы дүйнө чемпионатында зор ийгиликке жетишип, жекече эсепте чемпион болду. Эл аралык турнирдин акыркы турунда Бердибаева үчүнчү тактада 8 оюндан 8 упай алып, 100% натыйжа көрсөткөн жалгыз шахматчы кыз катары таанылды.

Бул көрсөткүч менен ал дүйнөлүк деңгээлдеги 250дөн ашуун шахматчынын арасынан мыкты деп табылды.

Эдиса Бердибаева тууралуу:

  • ♟ Кыз-келиндер арасында спорт чеберлигине талапкер;

  • ♟ Кыргызстандын 18 жана 20 жашка чейинки кыздар арасындагы 2021 жана 2023-жылдардагы чемпиону;

  • ♟ 2024-жылы 14 жашка чейинкилер арасында Борбор Азиянын вице-чемпиону;

  • ♟ 2022-жылы Азербайжанда өткөн 16 жашка чейинки жаштар олимпиадалык курама командасынын мүчөсү;

  • ♟ 2020-жылдан бери Кыргызстандын шахмат чемпионаттарында көп жолу байгелүү орундарга ээ болгон;

  • ♟ Эл аралык опен турнирлерде жана континенталдык командалык мелдештерде бир нече жолу ийгиликтүү оюн көрсөткөн.